• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2022-жылы мас айдоочунун катышуусунда 422 жол кырсыгы катталып, 39 адам каза болгон

Коом 0

Бишкек, 02.03.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 2022-жылы мас айдоочунун катышуусунда 422 жол кырсыгы болгонун “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Байыш Ашырбеков билдирди.

Анын айтымында, 2021-жылы 7 миң 438 жол кырсыгы катталып, андан 869 адам каза болуп, 11 миң 370 адам жабыркаган. Ал эми 2022-жылы 7 миң 40 жол кырсыгында 690 адам көз жумуп, 11 миң 49 киши жабыр тарткан.

“Жол кырсыгы 5,3 пайызга, каза болгондордун саны 20,5 пайызга жана жабыркагандардын саны 2,8 пайызга азайды. Анын себеби ИИМ тарабынан рейддик жана профилактикалык иш-чаралардын күчөшүнүн артынан болууда”, - дейт ал.

Ашырбеков кошумчалагандай, 2021-жылы мас айдоочунун катышуусунда 458 жол кырсыгын болуп, ал 56 адамдын өмүрүн алса, 768 жаран жабыркаган. Өткөн жылы мас айдоочунун катышуусунда 422 жол кырсыгы орун алып, андан 39 адам өмүрүнөн ажырап, 742си жабыркагын.

Пикир

Оставить комментарий