• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2022-жылы республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 98,8%ды түздү

Экономика 0

Бишкек, 11.02.23. /Кабар/. 2022-жылы республикалык бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 270 314,4 млн сомду же план 98,8% ды түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, киреше 2021-жылга караганда 44,2% га же 82 871,7 млн сомго өскөн.

"Республикалык бюджеттин салыктык кирешелери 203 млрд 432 млн сомду түздү, же план 99,7% га аткарылды, бул 2021-жылга караганда 71 млрд 296,5 млн сомго көп, же 54,0% га өстү. Ал эми малыктык эмес түшүүлөр 47 млрд 386 млн сомду же пландын 95,2% ын түздү, бул 2021-жылга караганда 14% га же 5 млрд 820,3 млн сомго өстү", - деп айтылат маалыматта.

Расмий гранттардын түшүүлөрү 19 млрд 492,6 млн сомду түздү, план 97,6% га аткарылды, бул 2022-жылы гранттардын түшүүсү 5 млрд 754,1 млн сомго өстү.

Пикир

Оставить комментарий