• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2022-жылы салыкчылардын жана бажычылардын айлык акысы көтөрүлөт

Экономика 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Келерки жылдан тарта Салык жана Бажы кызматтарынын кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөт. Бул тууралуу парламенттин жыйынында экономика министри Данияр Амангелдиев билдирди.

Анын айтымында, министрлер кабинетинде айлык акылардын жаңы концепциясы каралууда.

Мурдараак Салык кызматынын башчысы Алтынбек Абдувапов депутаттын суроосуна жооп берип жатып, салыкчылардын орточо айлык акысы 12 миң сомдон 20 миң сомго чейин экендигин билдирген.

Азыркы бааларды эске алганда бул айлык акы жашоого жетиштүүбү деген депутаттын суроосуна, Абдувапов жок деп жооп берген.

Пикир

Оставить комментарий