• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2022-жылы социалдык багытка бюджеттен 40 млрд сомго көп каражат бөлүнүүдө — президент

Президент 0

Бишкек, 30.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына катышууда.

Жапаров парламенттин трибунасынан сөз сүйлөп, 2022-жылы социалдык багытка республикалык бюджеттен 40 млрд сомго көп каражат бөлүнүп жатканын айтты.

“Өлкөбүздөгү эң маанилүү болгон энергетикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн быйыл 12,5 млрд сом бөлүнүүдө. Салыштыруу үчүн айта кетсек, өткөн жылы бул тармакка 3,4 млрд сом эле каралган. Мектеп, медициналык мекемелерди жана башка социалдык жаңы объектилерди куруу жана бүтпөй калган имараттарды бүткөрүүгө 13 млрд сом бөлүп жатабыз. Ал 2021-жылга караганда эки эсеге көп”, - деди Жапаров.

Пикир

Оставить комментарий