• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2022-жылы Түндүк-Чыгыш бажысы 45 млрд сом бажы төлөмдөрүн чогулткан

Экономика 0

Бишкек, 30.01.23. /Кабар/. 2022-жылдын январь-декабрь айларында Түндүк-Чыгыш бажысы тарабынан 45 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрү чогултулган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Акыркы 6 жыл ичинде Түндүк-Чыгыш бажысынан мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүү көрсөткүчтөрү. Ушул эле мезгилге салыштырганда:

  • 2017-жыл – 27,3 млрд сомго көп;
  • 2018-жыл – 15,8 млрд сомго көп ;
  • 2019-жылы - 21,7 млрд сомго көп;
  • 2020-жылы - 38,4 млрд сомго көп;
  • 2021-жылдын 12 айында бул сумма 19,4 млрд сомду түздү.

Башкача айтканда, 2022-жылы 25,6 млрд сомго көп жыйналып, өсүү темпи 232,0%ды түздү.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 74,3 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү камсыздалып, белгиленген план 100,8%га аткарылган.

Пикир

Оставить комментарий