• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2022-жылы "Түштүк-Батыш" бажысы төлөмдөрдү 5,7 млрд сомго ашык чогулткан

Коом 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. 2022-жылдын январь-декабрь айларында "Түштүк-Батыш" бажысы 12,7 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн камсыздаган. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы 6 жылда мамлекеттик бюджетке бажы төлөмдөрүнүн түшүү көрсөткүчтөрүн салыштыра турган болсок, 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу "Түштүк-Батыш" бажысы 7,5 млрд сомго көп камсыздаган.

- 2018-жылга салыштырмалуу 7,1 млрд сомго;
- 2019-жылга салыштырмалуу 7,4 млрд сомго;
- 2020-жылга салыштырмалуу 9,0 млрд сомго;
- 2021-жылдын ушул эле мезгилине карата 7,0 млрд сомго көп жыйналган.

Башкача айтканда, быйыл 12 айда 5,7 млрд сомго көп чогулган, ал эми өсүү темпи 181,4%ды түздү.

Белгилей кетсек, 2022-жылы Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 74,3 млрд сом өлчөмүндө бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү камсыздалып, белгиленген план 100,8%га аткарылган.

Пикир

Оставить комментарий