• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2022-жылы Токой фондунун пайдаланууга берилген жер аянттарынан 89,7 млн сом түштү

Экономика 0

Бишкек, 17.01.23. /Кабар/. 2022-жылы республика боюнча Мамлекеттик токой фондусунун жер тилкелерин пайдаланууга 42 миң 586 гектар жер аянты берилген. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жайыт пайдаланууга 290 миң 800 гектар жер аянты берилген.

Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде токой чарбасын натыйжалуу жүргүзүү, токойлуу аймактарда жана токой четинде же ага жакын жерлерде жашаган калктын социалдык турмуш деңгээлин жогорулатуу жана калкты токойлорду өстүрүү, сактоо, коргоо, пайдалануу жана башкаруу иштерине тартуу максатында жерлер берилген.

Пайдалануудан 89 млн 764,8 миң сом түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий