• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2022-жылы товарларды маркалоого 297 млн код берилген

Экономика 0

Бишкек, 01.02.23. /Кабар/. 2022-жылы "Товарларды маркалоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы тарабынан санариптик идентификациялоо каражаттары менен товарларды маркалоонун 297,4 млн коду берилген.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, анын ичинен тамеки продукциясы үчүн 261,4 млн код, алкоголдук продукция үчүн 35,9 млн код, текстиль продукциясы үчүн 103,3 миң код берилген.

70тен ашык товар өндүрүүчү жана импорттоочу "Товарларды маркалоо" системасында катталып, маркалоо коддорун алышат.

Эске салсак, 2021-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстандын аймагында алкоголдук жана тамеки продукциясына, 2023-жылдын 1-январынан тартып сыра продукциясына милдеттүү маркалоо киргизилген.

Товарларды маркалоонун максаты – товардын даярдоочудан акыркы керектөөчүгө чейинки жолуна толук байкоо жүргүзүү, ата мекендик бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, калкты сапатсыз товарлардан коргоо, ошондой эле маркаланган товарларды ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө тоскоолдуксуз берүүнү камсыз кылуу.

Пикир

Оставить комментарий