• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2022-жылы Улуттук банк сомдун курсун колдоо максатында 12 жолу интервенция жасаган

Экономика 0

Бишкек, 02.12.22. /Кабар/. Жыл башынан бери Улуттук банк сомдун курсун колдоо максатында 12 жолу интервенция жасаган. Бул тууралуу “Ишеним” фракциясынын жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Кайып Куленбеков билдирди.

Анын айтымында, 12нин ичинен беш интервенция чет элдик валютаны сатуу болсо, жетөөндө долларды сатып алуу боюнча болгон.

“Экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу жана колдоо, тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында Улуттук банк ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтырууга багытталган бир катар антикризистик чараларды көрдү”, - деди ал.

Чет элдик валютаны сатуу боюнча интервенция:
- 12.01.22 – 70,1 млн доллар;
- 27.01.22 – 86,5 млн доллар;
- 24.02.22 – 13,05 млн доллар;
- 04.03.22 – 28,5 млн доллар;
- 16.11.22 - 55,2 млн доллар.

Долларды сатып алуу боюнча интервенция:
- 30.03.22 – 5,4 млн доллар;
- 31.03.22 – 14,5 млн доллар;
- 18.05.22 – 6 млн доллар;
- 20.05.22 – 20,5 млн доллар;
- 10.06.22 – 33,7 млн доллар;
- 17.06.22 – 51,4 млн доллар;
- 24.06.22 – 59,1 млн доллар.

Пикир

Оставить комментарий