• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

2022-жылы "Унаа" мекемесинин ишмердүүлүгүнөн бюджетке 1,4 млрд сом түшкөн

Коом 0

Бишкек, 03.02.23. /Кабар/. 2022-жылы Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгүнөн бюджетке 1,4 млрд сом түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиялык жыйынында белгилүү болду.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, "Унаа" мекемесинин аймактык бөлүмдөрү транспортту жана айдоочулук курамды каттоо боюнча калкты тейлөөнүн жаңы пункттары, башкача айтканда Автоматташтырылган калкты тейлөө борборлору иштей баштады. Мындай борборлор Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунда, Бишкек шаарында ишке киргизилген.

Ошондой эле мекеме Кыргызстандагы банктардын мобилдик тиркемелери жана уюлдук операторлордун электрондук капчыктары аркылуу QR кодун окуу менен накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алууну ишке киргизди.

Натыйжада жыл ичинде "Унаа" мамлекеттик мекемесинин ишмердигинен республикалык бюджеттин кирешесине бардыгы болуп 1 млрд 473 млн 695,5 миң сом түшкөн.

Мындан тышкары, транспорт каражаттарын каттоо жаатында адамдарды бетинен тааныган face-id (фейс айд) модулу иштелип чыкан, ал сатуучу менен сатып алуучунун ким экендигин таанууга мүмкүнчүлүк берип, транспорт каражатынын каттоодон өткөндүгүн далилдейт.

Пикир

Оставить комментарий