• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

2022-жылы Жалал-Абад облусунун аймагында 853 жаңы ишкана ишке кирген

Аймак 0

Бишкек, 02.02.23./Кабар/. 2022-жылы Жалал-Абад облусунун аймагында 853 ишкана ишке киргизилди. Бул тууралуу маалымат облустун 2022-жылга карата социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында белгилүү болду.

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анда жалпысынан 3 миң 443 жаңы жумуш орундары түзүлүп, облуста өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын республикадагы үлүшү 19,5 пайызды ээледи.

Ошондой эле өткөн жылы облус боюнча 45375,0 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индексинин өсүү темпи 111,5 пайызды камсыздады. Жалпы республика боюнча облустун үлүшү 10,6 пайызды түздү. Кайра иштетүү тармагында 9243,6 млн сомдук продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмүнүн индекси 112,2 пайызды камсыздады.

Белгиленгендей, коллегиялык жыйынга министрлер кабинетине төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, президенттик администрациянын уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору, Жалал-Абад облусунун куратору Улан Маматканов, президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев, облустук мекеме-ишкана, район-шаар, айыл аймак жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий