• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2022-жылы Жалал-Абад шаарына 7,6 млрд сомдук инвестиция тартылган

Аймак 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Күн мурун, 6-февралда Жалал-Абад шаардык мэриясында жыл жыйынтыгын чыгарган коллегия өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Коллегияда белгилүү болгондой, Жалал-Абад шаарына 2022-жылы 7 млрд 604 млн сомдук инвестиция тартылган. Ошондой эле шаарда былтыр 158 ишкана ачылып, 1382 жумуш орду түзүлдү.

2022-жылда өнөр жай ишканалары тарабынан 6 млрд 817,3 млн сомдук продукция өндүрүлүп, бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1 млрд 609,5 млн сомго көп.

Белгилей кетсек, жыйынга Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин орун басарлары, ички иштер бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Кубатбеков жана шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий