• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

2022-жылы жол салуу жана оңдоого 7,5 млрд сом каралган — Транспорт министрлиги

Коом 0

Бишкек, 18.10.22. /Кабар/. 2022-жылы жол тармагына республикалык бюджеттен жана “Мамлекеттик капиталдык салымдар” беренеси боюнча 7,5 млрд сом каралган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Нурланбек Кайыңбаев билдирди.

Анын айтымында, 7,5 млрд сомдун дээрлик бардыгы каржыланып бүттү.

“Быйыл бюджеттин эсебинен 342 чакырым, инвестициялык долбоорлордун эсебинен 90 чакырымга жолго асфальт төшөлдү. 88 чакырым оңдоодон өттү. Баары биригип 500 чакырым жол оңдолду”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий