• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2023-жылга чейин мамлекеттик сатып алуулардын 30 пайызын туруктуу кылуу пландалууда – Экономика министрлиги

Экономика 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. 2023-жылга чейин мамлекеттик сатып алуулардын 30 пайызын туруктуу кылуу пландалууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине экономика министринин кеңешчиси Кылычбек Жакыпов “Жашыл экономика” форуму учурунда билдирди.

Ал бул мамлекеттик сатып алуу учурунда баасы, сапаты, экологиялуулукту жана социалдык факторду эске алуу менен товарды же кызмат көрсөтүүнү бардык убакытта колдонуу эске алынат дегенди билдирерин айтты. Акыркыга мисал катары ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жумушун же балдар эмгегинен пайдаланбоону келтирсе болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2019-2023-жылдарга өлкөнүн жашыл экономикага өтүүсү боюнча программасынын долбоору иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө программа коомдук талкууга коюлган.

Жакыповдун айтымында, жашыл экономикага өтүүдөгү басым Кыргызстандагы бир нече ресурстарга коюлат.

“Биз азыр суу эле эмес, жер жөнүндө да айтсак болот. Жерлердин ири аянты деградацияланууда. Бул жерлерди туура эмес башкарууга, жер семирткичтерди туура эмес пайдаланууга байланыштуу. Бирок мындан тышкары энергетика жана аба сыяктуу ресурстар бар. Эгерде мисалы шаарда азыркыдай абал калып калса, биз саламаттыкты сактоого көп акча жумшайбыз”, - деди ал.

Кылычбек Жакыпов программа 8 секторду жана 4 кроссектордук багытты камтый турганын билдирди.

“Тагыраак айтканда, бул энергетика, таза транспорт, жашыл айыл чарба, жашыл өнөр жай, туруктуу туризм, экосистемалар жана жашыл шаарлар. Кроссектордук багыт – бул туруктуу каржылоо, банк тармагы, каржылык компаниялар, фискалдык саясат, башкача айтканда, бюджетти кайра куруу, салыктарды демилгелөө, эски субсидияларды кайра жасоо, туруктуу мамлекеттик сатып алуулар. Акыркысы – бул күчтүү курал, дүйнөдө дүйнөлүк азык-түлүк программасынын 15-20 пайызын туруктуу мамлекеттик сатып алуулар түзөт”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий