• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2023-жылга чейин Талас облусундагы айылдардын бардыгы таза суу менен камсыз болушу керек – облус башчысы

Аймак 0

Бишкек, 06.06.20. /Кабар/. 2023-жылга чейин Талас облусундагы айылдардын бардыгы таза суу менен камсыз болушу керек. Бул тууралуу онлайн брифинг учурунда өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, облуста 91 айыл бар.

“Президенттин тапшырмасы боюнча 2023-жылга чейин Талас жана Баткен облусу таза суу камсыз болушу керек. Бизде 56 айылда таза суу түтүктөрү бар, 24 айылда таза суу түтүктөрүнө оңдоо иштерин жүргүзүү зарыл. 11 айылда таза суу түтүктөрү жок”,- деди өкүл.

Пикир

Оставить комментарий