• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2023-жылга салыктык эмес кирешелер боюнча бекитилген план 43,5 млрд сомду түздү

Экономика 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. 2023-жылга карата салыктык эмес кирешелер боюнча бекитилген план 43,5 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлиген билдиришти.

Маалыматка ылайык, план "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети 2023-жылга пландык мезгили жөнүндө" мыйзамына ылайык бекитилди.

Анын ичинде:

- берилген бюджеттик ссудалар жана кредиттер боюнча пайыздар – 1 493,1 млн сом;

- акциялардын мамлекеттик пакетине кошуп эсептелген дивиденддер – 3 200,0 млн сом;

- КР Улуттук банкынын пайдасы – 5 000,0 млн сом;

- мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын пайдасы – 100,0 млн сом;

- пайдалуу казындылардын кендерин жана казылып алынуучу отунду пайдалануу үчүн жыйымдар – 351,4 млн сом;

- жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн жыйымдар жана төлөмдөр – 1 679,8 млн сом;

– айлана-чөйрөнү булгагандык үчүн жыйым – 257,0 млн сом;

- мүлктүн ижарасы үчүн төлөм – 1 187,6 млн сом;

- төлөмдөр – 1 152,6 млн сом;

- мамлекеттик алымдар – 841,6 млн сом;

– жыйымдар – 756,6 млн сом;

- акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшүүлөр – 21 432,4 млн сом;

- айыптар, туумдар, санкциялар жана конфискациялар – 1 900,0 млн сом;

- юридикалык жактардан учурдагы жардам – 0,4 млн сом;

Пикир

Оставить комментарий