• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2023-жылы бюджеттен Баткен облусуна 1,1 млрд сом каралат

Экономика 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. 2023-жылы республикалык бюджеттен Баткен облусуна 1 млрд 116 млн 731,8 миң сом каралат. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Каражаттар төмөнкүчө бөлүштүрүлөт:

- Баткен облусунун коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн мамлекеттик программасына – 500 млн сом;

- Теңдөөчү трансферт – 328 млн сом;

- ОЖӨБдүн электр энергиясына – 16 млн сом;

- Жабыркаган ишкерлерге зыян тарткан үчүн бир жолку компенсацияга – 28,4 млн сом;

- Региондорду өнүктүрүү фондуна – 50 млн сом;

- Президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө – 33,3 млн сом;

- Губернатордун резервдик фондуна – 3,7 млн сом;

- Районду өнүктүрүү фонддоруна – 86,5 млн сом;

- Райондук мамлекеттик администрацияларга (акимчиликтер) – 67,2 млн сом;

- Акимдердин резервдик каражаттарына – 2,5 млн сом каралат.

Пикир

Оставить комментарий