• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

2023-жылы ишкерлерди текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу мораторий киргизилет

Президент 0

Бишкек, 21.11.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2023-жылдын 31-декабрына чейин ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жарлыктын максаты жеке ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, ишкердик субъекттеринин экономикалык ишине колдоо көрсөтүү, аларды укуктук жактан коргоону камсыз кылуу, ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз кийлигишүүнүн алдын алуу, ишкердик субъекттерин текшерүүдө укук коргоо органдарынын жана контролдоочу органдардын жоопкерчилигин жогорулатуу жана ишинин ачыктыгын камсыз кылуу.

Ишкердик ишти мамлекеттик жөнгө салуу чөйрөсүндө ишкердикти, бизнести өнүктүрүүгө терс таасирин тийгизген жана калктын, инвесторлордун, анын ичинде чет өлкөлүк инвесторлордун ишкердик активдүүлүгүнүн деңгээлинин төмөндөшүнө шарт түзгөн проблемалар бар болууда.

Укук коргоо органдарынын, салык жана контролдоочу органдардын көп сандаган текшерүүлөрү жана ыйгарым укуктарынан аша чабуусу мындай проблемалардын бири бойдон калууда, аларга карата чакан, орто жана ири ишкердиктин өкүлдөрүнөн, анын ичинде коммерциялык банктардан көптөгөн даттануулар келип түшүүдө. Көбүнчө бул негизсиз, кайталоочу же такыр мыйзамсыз текшерүүлөр, акча жыйноо фактылары кездешет.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине 2023-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге чакан, орто жана ири ишкердик субъекттерине, ошондой эле коммерциялык банктарга ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар укук коргоо органдары жана ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө убактылуу тыюу салууну (мораторийди) киргизүү тапшырылат.

Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар укук коргоо органдарынын, ыйгарым укуктуу органдардын кызмат адамдарынын текшерүүлөрдү негизсиз дайындоосу, ошондой эле өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын өз пайдасы же башка жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жүргүзүлгөн, текшерилип жаткан субъекттердин укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына же болбосо мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарга олуттуу зыян келтирген текшерүүлөр кызматтык милдеттерди талаптагыдай эмес аткаргандык катары каралат жана кызмат адамдарын ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейин тартиптик жоопкерчиликке тартууга алып келет деп белгиленет.

инистрлер Кабинетине белгиленген тартипте ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн, ошондой эле өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирүү, бизнес-ассоциациялар (макулдашуу боюнча), ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери менен биргеликте мораторий киргизүү жана ишкердик субъекттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо маселелери боюнча консультациялык жардам берүү жөнүндө бизнес-коомчулуктар үчүн кеңири маалыматтык өнөктүктү жүргүзүүсү зарыл.

Пикир

Оставить комментарий