• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Быйыл соцкелишим долбоору 50 миң кыргызстандыктын жашоосун жакшыртат – Базарбаев

Коом 0

Бишкек, 29.03.23. /Кабар/. Бүгүн, 29-мартта эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев социалдык келишим долбоорунун алкагында жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомго сертификаттарды тапшырды.

Министрликтен билдиришкендей, салтанаттуу иш-чара Талас облусунун Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында өттү. Сертификаттарды 110 үй-бүлө алды.

Былтыркы социалдык келишимди ишке ашыруунун мониторингине ылайык, жактырылган бизнес-пландардын 59%ы айыл чарба (мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, аарычылык, күнөсканалар, канаттуулар чарбасы), 24%ы тигүү, темир-бетон буюмдарын өндүрүү, терезелерди, эмеректерди даярдоо, самын жасоо тармактарында ишке ашырылган.

Алынган каражаттардын 10%ы коомдук тамактануу, такси, курулуш, сулуулук, автодиагностика, массаж жана башка кызматтарды көрсөтүү бизнесин ачышкан. Калган 7%ы соода тармагында иштешет.

Базарбаевдин айтымында, ар бир социалдык келишим орточо беш адамдын жашоо шартын жакшыртууга мүмкүндүк берет. Үстүбүздөгү жылы 10 миң контракт түзүлгөн учурда мамлекет 50 миңдей адамдын жашоо шарттын жогорулатууга ниеттенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий