• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

2024 жана 2028-жылдагы Олимпиада оюндары Париж менен Лос-Анжелесте өтөт

Дүйнө 0

Бишкек, 12-июль /Кабар/. 2024чү жана 2028-жылкы жайкы Олимпиада оюндары Париж жана Лос-Анжелес шаарларында өтөт. Мындай чечим кечээ Лозаннада Эл аралык олимпиада комитети тарабынан кабыл алынды.

Алгач 2024-жылдагы оюндарды өткөрүү укугу үчүн Гамбург, Будапешт, Рим, Париж жана Лос-Анжелес шаарлары талапкер болуп жаткан, бирок өз билдирмелерин акыркы эки гана шаар ырастаган.

Жыйындын жүрүшүндө Олимпиада оюндарынын бирин Парижге, экинчисин Лос-Анжелеске берүү сунушталды. Алардын кайсынысы кайсы жылдагы оюндарды кабыл ала тургандыгы Эл аралык олимпиада комитетинин сентябрда Перунун борбору Лимада өтө турган 131-сессиясында чечилет.

Париж акыркы жолу Олимпиада оюндарын 1924-жылы, Лос-Анжелес 1984-жылы өткөргөн.

Жакынкы оюндар 2020-жылы Токиодо өтөт. Буга чейинки Олимпиада 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өткөн.

Пикир

Оставить комментарий