• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2024-жылга чейин КРнын жогорку окуу жайларын эл аралык рейтингге алып чыгуу пландалууда

Билим 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. 2024-жылга чейин Кыргызстандын жогорку окуу жайларын эл аралык рейтингге алып чыгуу пландалууда. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковду президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирди.

Министрдин айтуусуна караганда, жогорку окуу жайларды эл аралык талаптарга ылайыктоо багытында стимулдаштыруу иштери күчөтүлөт.

undefined

Жолугушууда билим берүүнүн сапатын эл аралык стандарттарга ылайык жакшыртуу, мектептерди сапаттуу окуу китептери менен камсыз кылуу, курулушу бүтө элек жана авариялык мектептердин абалы, билим берүү объектилеринин жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөргө көңүл бурулду. Билим берүү тармагында санариптештирүү процессин тездетүү, кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүү жана башка маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий