• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2025-жылга чейин Бишкекти жашылдандырууну 6,5 миң гектарга жеткирүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 06.08.18. /Кабар/. 2025-жылга чейин Бишкекти жашылдандырууну 6,5 миң гектарга жеткирүү пландалууда. Бул тууралуу тегерек үстөлдүн жүрүшүндө Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев билдирди.

Жолугушууга Бишкек мэрлигине талапкер Азиз Суракматов дагы катышууда.

Анын айтымында, Фрунзеде шаарды жашылдандыруу 10,2 миң гектарды түзгөн.

“Учурда жашылдандыруу 3,5-4 миң гектарды түзөт. Шаарды жашылдандыруу концепциясынын негизги мааниси - 2025-жылга чейин 6,5 миң гектарга жетүү”, - деди ал.

Кененбаев белгилегендей, буга чейин эколог Эмил Шүкүров менен биргеликте шаарды жашылдандыруу концепциясы иштелип чыккан. Аталган иш боюнча биринчи кадамдар жасалды.

Пикир

Оставить комментарий