• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2025-жылга карата ЕЭАБ өлкөлөрүнүн ортосундагы авиа ташуулар боюнча бардык чектөөлөр алынышы керек

ЕАЭБ 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. Аба унаалары маселеси боюнча “жол картасын” даярдоого киришкен Макулдашылган транспорттук саясатты ишке ашыруунун негизги багыттарын жана баскычтарын жүзөгө ашыруу боюнча “жол картасынын” иш-чараларынын Планын даярдоо боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү.

Энергетика жана инфратүзүм боюнча Коллегия мүчөсү (министри) Адамкул Жунусовдун пикиринде, “Биримдиктин органдарынын чечими жана реалдуу документтердин чыгышы менен “жол картасына” кирген иш-чаралар так жана конкреттүү болушу керек”.

2025-жылга карата Транспорттук саясаттын негизги багыттарын ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча авиация кызматтарынын жалпы рыногу түзүлүп, Биримдиктин мамлекеттеринин ортосундагы авиа ташуулар боюнча бардык чектөөлөр алынышы керек. Ошондой эле, биримдиктин деңгээлинде транспорт тармагындагы алакаларды натыйжалуу жөнгө салуучу нормативдик-укуктук база түзүлөт.

Жыйында ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин аба каттамдарын кеңейтүү жана көп жактуу эл аралык келишим түзүү маселеси өзгөчө талкуу жаратты. ЕЭК транспорт жана инфратүзүм Департаментинин директору Ержан Нурахметов белгилегендей, “Биримдиктин авиа ташуу кызматтарынын рыногунда айрым ташуучулардын басымдуулук кылышын токтоткон жана монополиянын өнүгүшү менен ЕАЭБ өлкөлөрүндө авиа ташуулар рыногуна терс таасир тийгизүүнү жойгон” механизмди иштеп чыгуу зарыл.

Аба каттамдарын кеңейтүү, аэронавигация, авиациялык коопсуздук, учуулардын жана аэропорт ишмердигинин коопсуздугу маселелери жумушчу топтун 2017-жылдын апрелиндеги Минсктеги жыйынында талкууланат.

“Жол картасынын” долбоору Өкмөттөр аралык кеңештин кароосуна 2017-жылдын 1-июлуна чейин коюлат.

ЕЭК басма сөз кызматы

Пикир

Оставить комментарий