• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

2025-жылга карата Өзбекстан жаратылыш газын экспорттоону токтотот

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. 2025-жылга карата Өзбекстан жаратылыш газын экспорттоону токтотот. Бул тууралуу өлкө премьер-министри Абдулла Арипов билдиргенин Өзбекстандын телеграф агенттигин жазат.

Өзбекстандын өкмөт башчысы белгилегендей, 2025-жылга карата Өзбекстан жаратылыш газын экспорттоону токтотушу мүмкүн.

"2015-жылга карата жаратылыш газынын экспортун токтотуу боюнча чаралар көрүлөт", - деген ал.

Анын айтымында, 2030-жылга карата электр энергиясын өндүрүүнү дээрлик 2 эсе, мунайзатты – 1,8 эсе, жаратылыш газын – 1,2 эсе, көмүрдү казып алууну 3,3 эсе көбөйтүү пландалууда.

Расмий маалыматтар боюнча, 2018-жылы Өзбекстан 13 млрд куб газ, ал эми 2019-жылы 15 млрд кубдан ашык газ экспорттогон.

Өзбекстанда жылына жалпы 61 млрд куб газ алынат.

Пикир

Оставить комментарий