• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2025-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 443 млрд сомду түзөрү болжолдонууда

Экономика 0

Бишкек, 31.10.22. /Кабар/. 2025-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 443 млрд 829,8 млн сомду түзөрү болжолдонууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.

Анын айтымында, республикалык бюджеттин жалпы кирешелери мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2023-жылы 322 млрд 766 млн сом суммасында же ИДПга карата 34,8% каралган.

“Ал эми республикалык бюджеттин кирешеси 2024-жылы 389 млрд 211,5 млн сомду, 2025-жылы 443 млрд 829,8 млн сомду түзөрү болжолдонууда. Андан тышкары, 2023-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 344 млрд 29,2 млн сом деп белгиленсе, 2024-жылга 375 млрд 807,4 млн сом, 2025-жылы 420 млрд 314 млн сом болору күтүлүүдө”, - деди министрдин орун басары.

Пикир

Оставить комментарий