• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

2026-жылга чейин калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасы бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 19.06.20. /Кабар/. 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системаларын өнүктүрүү программасы бекитилди. тиешелүү токтом Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан кабыл алынды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Көрсөтүлгөн Программа Кыргызстандын калкынын ченемдик сапаттагы ичүүчү суу менен камсыздалышын жогорулатууга, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууну чыгаруу системаларын куруу, реконструкциялоо жана модернизациялоо жолу менен республиканын калкынын ден соолугун жана жашоо сапатын жакшыртууга, айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирди азайтууга багытталган.

Программада суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртуу, негизги көйгөйлөрдү чечүү, кызыкдар министрликтердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын перспективдүү багыттарын, милдеттерин жана функцияларын аныктоо каралган.

715 айылда суу менен камсыздоо тутумдарын республикалык бюджеттин жана эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен куруу пландалууда. Бул Программанын иш-чараларын 2023-жылга карата аяктоо күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий