• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2035-жылга чейин электр өндүрүшүн көбөйтүү үчүн 6,5 млрд доллар каражат тартылат

Экономика 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. 2035-жылга чейин Кыргызстанда 4 миң 533 өндүрүштүк кубаттуулукту ишке киргизүү пландалууда. Бул тууралуу "Кыргызстандын энергетикасы. Тарыхы. Учуру. Келечеги” аттуу тегерек столдо КР Улуттук энергетикалык холдингдин башчысы Бакыт Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, өндүрүш кубаттуулугун көбөйтүү үчүн мамлекеттик бюджетке оорчулук келтирбей, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби боюнча 6 млрд 58 млн доллар тартуу пландалууда.

Ал 2022-жылы Камбар-Ата ГЭС-2 экинчи агрегатын ишке киргизүү, андан тышкары кубаттуулугун 9 МВтга чейин көбөйтүү менен чакан ГЭСтерди өнүктүрүү пландалып жатканын белгиледи. Муну менен катар 2023-жылга карата чакан ГЭСтердин эсебинен кубаттуулукту 46МВтга жеткирүү жана кубаттуулугун 100 МВтга чейин көбөйтүү менен Куланас ГЭСин ишке киргизүү, ал эми 2024-2025-жылдарга электр энергиясын өндүрүүнүн кубаттуулугун 41 МВт жана ага ылайык 62 МВтга чейин жеткирүү пландалып жатат.

Ошондой эле, 2026-2030-жылдар аралыгында Жогорку-Нарын каскад ГЭСин куруу пландалууда, анын эсебинен кубаттуулук 135 МВтга чейин көбөйтүү күтүлүүдө. “Мындан тышкары, ущул жылдар аралыгында Сары-Жаз, Камбар-Ата ГЭС-1 куруу, ЖЭБ-2ни ишке ашыруу менен энергетика тармагынын кубаттуулун 1 860 МВтга жеткирүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий