• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2040 Стратегиясы комплекстүү мүнөзгө ээ – президент

Президент 0

Бишкек, 13.08.18. /Кабар/. Каралып жаткан Стратегия комплекстүү мүнөзгө ээ, анда өлкөнүн турмушундагы бардык чөйрө чагылдырылган. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук кеӊештин жыйынында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Мамлекет башчысынын айтымында, бул документ концептуалдык мүнөзгө ээ болот. Анын алкагында ар биринин өзгөчөлүгүн эске алган, бардык тармактардын жана региондордун өнүгүү программалары кабыл алынат.

Ал билдиргендей, жалпы максаттар, аткарылчу иштердин алкактык рамкасы коомдун баардык катмарын камтыган ушул жалпы Улуттук кеӊеште аныкталганы туура болорун жана ал Президенттин Жарлыгы менен бекитилет.

“Ошондо бардык мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын бир багытта, бир ыргакта иштөөсүнө шарт түзүлөт. Ушул документте аныкталган рамканын ичинде социалдык, экономикалык, сот-укуктук, саясий, башкаруу, шайлоо жана башка багыттарды өзүнчө караган программалар Жогорку Кеӊештин кароосуна коюлат, парламентте талкууланып, кабыл алынат. Ал эми региондордун өнүктүрүү программалары шаардык кеӊештердин депутаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын талкуусунан өтүшү зарыл”, — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий