• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

2040-жылга чейин ИДП киши башына 5 миң доллар болушу керек - премьер-министр

Экономика 0

Бишкек, 21.09.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 2040-жылга чейин ички дүң продукция киши башына 5 миң доллар болушу керек. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү кеңешинин жыйынында премьер-министр Сапар Исаков билдирди.

Анын айтымына караганда, мындай максат туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын алкагында коюлган.

Ошондой эле өкмөт башчысы бизнес чөйрөсүн жакшыртуу маселеси өкмөт үчүн артыкчылыктуу болуп саналарын кошумчалады.

“Бул маселе өнүктүрүү программасына киргизилген, орто жана узак мөөнөттө келечектүү болуп саналат. Өкмөт бул ирээттемени катуу карманат. Долбоорлорду аягына чыгаруу керек”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий