• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

2040-жылга чейинки мезгилге КРнын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо чечимине кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алдын ала жыйынтыктары жана 2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо жөнүндө чечимге кол коюлду. Бул тууралуу КР Президентинин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Чечимдин тексти:

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш төмөнкүдөй чечим кабыл алды:

1. Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин (мындан ары - Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш) катчылыгынын 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алдын ала жыйынтыктары жөнүндө маалыматы көңүлгө алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин сунуштамаларына ылайык 2013-2017- жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу боюнча иштиктүү чараларды кабыл алсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын даярдоо жөнүндө сунушу колдоого алынсын, анда:

- кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү мезгилдерге өнүктүрүү максаттарына жетүү этаптары, ошондой эле узак мөөнөттүү мезгилге өнүктүрүүнүн концептуалдык көз карашы камтылууга;

- Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин 2014-жылдын 27-октябрындагы № 4 чечимине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы эксперттик жана бизнес-коомчулук менен өз ара аракеттенип, өлкөнү өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиялык көз карашы жөнүндө сунуштарды иштеп чыгуу боюнча белгилүү бир иштерди жүргүзгөндүгү эске алынууга тийиш.

4. Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы:

- 2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун даярдоо боюнча координациялык топтун (мындан ары - Координациялык топ) курамын бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Президентине бекитүүгө берсин. Координациялык топтун курамына милдеттүү түрдө бизнес-коомчулуктардын, жарандык сектордун өкүлдөрү, көз карандысыз эксперттер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин фракцияларынын лидерлеринин өкүлдөрү киргизилүүгө тийиш;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенип, Координациялык топтун ишин уюштурууну камсыз кылсын;

- 2017-жылдын 15-июнуна чейин Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин мүчөлөрүнө Координациялык топ тарабынан даярдалган 2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун изилдөөгө жана карап чыгууга берсин;

- Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн сын-пикирлерин жана сунуштарын жалпыласын жана 2040-жылга чейинки мезгилге Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясынын жеткире иштелип чыккан редакциядагы долбоорун 2017-жылдын июлунда Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин талкуусуна киргизсин.

5. Бул чечимдин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине жүктөлсүн.

Пикир

Оставить комментарий