• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

20дан ашуун өлкөнүн элчиликтери Бишкектеги кайрымдуулук жарманкесине катышат

Коом 0

Бишкек, 16.03.18 /Кабар/. Бишкекте 21-мартта дипломатиялык кайрымдуулук жарманкеси өтөт. Иш-чара КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан Бишкек мэриясы менен биргеликте Ноорузга карата өткөрүлөт. Жарманке 10:00дөн 16:00гө чейин “Курманжан Датка” эстелигинин аллеясында өтөт.

Ага 20дан ашуун чет элдик элчиликтер жана өкүлчүлүктөр улуттук тамак-аш, ар түрдүү сувенирлер, кол өнөрчүлүк жана дизайнердик буюмдары менен катышат. Ошондой эле улуттук чыгармачыл жамааттардын жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн катышуусунда майрамдык концерт күтүлүүдө.

Кайрымдуулук дипломатиялык жарманкени өткөрүү Ноорузду белгилөөнүн жакшы салтына айланууда. Ал меймандарга жана көп улуттуу борборубуздун жашоочуларына башка өлкөлөрдүн маданияты жана каада-салты менен таанышууга, руханий байлык топтоого шарт түзүп, катышуучулар арасында жагымдуу маанай түзөт.

Иш-чаранын түшкөн каражаттын бардыгы социалдык мекемелерге берилет.

Пикир

Оставить комментарий