• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

20нан 24-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.10.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 20нан 24-октябрга чейин Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 20-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоо этектериңде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-октябрда күндүз, 21-23-октябрларда жана 24- октябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

24-октябрда күндүз тоолуу райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Ал эми 25-26-октябрь күндөрү тоолуу райондордо туруксуз аба-ырайы сакталып турат, мезгил-мезгили менен кар жаашы кутулөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий