• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

20нан 25-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.11.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 20нан 25-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, эртең, 20-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак, тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

21-ноябрда түнкүсүн тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. 21-ноябрда күндүз жана 22-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 22-ноябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

23-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорда кар жаашы күтүлөт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 24-ноябрда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорда кар, кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундысына4-9 метрден, 24-ноябрда айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

25-ноябрда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт, 25-ноябрда күндүз, жана 26-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү температурасы төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий