• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

21-25-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. 21-декабрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

21-декабрда күндүз жана 22-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында катуу жаан-чачын жаашы мүмкнү. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши ыктымал.

23-декабрда Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас,Баткен облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

24-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы ыктымал. 24-декабрда күндүз жана 25-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт.

Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-24-декабрларда Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий