• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

21-25-январда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 21нен 25-январга чейин Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу алдын ала маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн, 21-январда көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

22-январда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. 22-январда күндүз жана 23-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

24-25-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Ал эми 26-27-январь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөйт.

Пикир

Оставить комментарий