• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

21-25-январга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. 21-январда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлсө, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багытын өзгөрүлүп турат: ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

22-январда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Чүй облусунун өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. 22-январда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы ыктымал. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

23-январда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы ыктымал. Күндүз кээ бир тоолуу райондордо кар жаашы күтүлсө, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

24-январда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлсө, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

25-январда кээ бир райондордо кар жаашы ыктымал. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий