• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

21-25-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.09.19. /Кабар/. 21-22-сентябрда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетип, шамалдын багыты өзгөрүлүп турат.

Кыдгызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 23-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаашы, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

24-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

25-сентябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 23-25-сентябрь күнү айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий