• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

21-апрелге чейин өлкөдө аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин божомолу

Коом 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты, ага ылайык, үстүбүздөгү жылдын 17-18-апрель күндөрү түнкүсүн Талас облусунун дыйканчылык аймактарында 0...-2° градус үшүк жүрүшү ыктымал. Ошондой эле аталган күндөрү түнкүсүн Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында 0...-2 градус үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүктүн жүрүшү өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч алып келет.

Андан тышкары, 16-апрелде жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Алсак, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-250 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 72-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт. Жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

17-21-апрель күндөрү Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат;

17-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-20-апрелдерде жана 21-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми 21-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

21-апрелге чейин Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы;

Бишкек шаарында 17-21-апрель күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши ыктымал.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында облусунда күтүлгөн аба ырайы;

17-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 18-19-апрель күндөрү жана 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

Ал эми 20-апрелде күндүз жана 21-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

17нен 21-апрелге чейин Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы;

17-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

18-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. 18-апрелде күндүз, 19-20-21-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

21-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы;

Аталган шаарларда 17-21-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

17-21-апрелдерде Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат;

17-апрелде кээ бир райондордо жаан, кар жаашы күтүлөт. 18-19-апрелдерде жана 20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

20-апрелде күндүз жана 21-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий