• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

21-декабрда өлкө аймагында кар жаашы күтүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 19.12.17. /Кабар/. 20-декабрда айрым жерлерде бир аз кар жаашы күтүлөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

ӨКМдин билдиргендей, 21-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
22-декабрда күндүз, 23-декабрда жана 24-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 24-декабрда күндүз кээ бир райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Пикир

Оставить комментарий