• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

21-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.12.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 21-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Талас облусунда +9...+14, Ысык-Көл облусунда +1...+6 градус жылуу болсо, Нарын облусунда -4...-9 градус суук болору күтүлүүдө.

Бишкекте күн ачык болот, абанын температурасы +11...+13 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий