• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

21-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 19.02.20. /Кабар/. Эртең, 21-февралда өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15 градус, Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 10…15 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 4…9, Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -2…3 градус болушу күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында болсо абанын температурасы түнкүсүн 0…-5, күндүз 11…16 градус жылуу болот.

Эртең, 21-февралда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 11...13 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий