• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

21-февралга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 21.02.19. /Кабар/. Бүгүн, 21-февралда Кыргызстандын аймагында күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Нарын, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жет.

Чүй жана Талас облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...-6, Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0...-5 градуска чейин суук болот.

Ал эми Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5 градус, Нарында түнкүсүн -17...-22, күндүз -6...-11 градус болот.

Бүгүн Бишкек шаарында маал-маалы менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз -2…-4 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий