• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

21-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.01.19. /Кабар/. Эртең, 21-январда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан аралаш кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Чүй облусунда абанын температурасы түнкүсүн -3...+2, күндүз 0...5, Талас облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5 градус болот.

Ал эми Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз -3...+2, Нарын облусунда түнкүсүн -16...-21, күндүз -9...-14 градус болот.

Өлкөнүн түштүгү Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында абанын температурасы түнкүсүн 0...-5, күндүз 2...7 градуска чейин жетет.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында эртең кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 2…4 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий