• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

21-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Эртең, 21-январда Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн, ал эми дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү ыктымал. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3 градус, Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндуз -1…+4 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -22…-27, күндүз -10…-15 градус суук болушу ыктымал.

Ал эми абанын температурасы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градуска жетет.

Эртең, 21-январда борбор калаабыз Бишкек шаарында кар жаабайт. Абанын түнкү температурасы -4…-6 градус суук, күндүз 1…3 градус жылуу болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий