• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

21-майга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.05.21. /Кабар/. Эртең, 21-майда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 22…27 градус, Талас облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 21…26 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 18…23 градус жылуу, Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21 градуска жетет.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы ​түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31 градуска жетет.

Эртең, 21-майда Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт, күндүз жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 25…27 градус жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий