• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

21-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 17-ноябрдан 21-ноябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

17-ноябрда түнкүсүн Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

17-ноябрда күндүз жана 18-ноябрда түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

18-ноябрда күндүз кээ бир райондордо, 19-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

20-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.

20-ноябрда күндүз жана 21-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-ноябрда күндүз жана 19-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

17-ноябрда түнкүсүн жана эртең менен кар жаашы күтүлөт.

17-ноябрда күндүз жана 18-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

18-ноябрда күндүз бир аз кар жаан жаашы мүмкүн.

19-ноябрда жана 20-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

20-ноябрда күндүз жана 21-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

17-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 17-ноябрда күндүз жана 18-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

18-ноябрда күндүз жана 19-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

20-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

20-ноябрда күндүз жана 21-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 21-ноябрда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-ноябрда күндүз жана 19-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

17-ноябрда жана 18-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

18-ноябрда күндүз кээ бир райондордо, 19-ноябрда жана 20-ноябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.

20-ноябрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

21-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-ноябрда күндүз жана 19-20-ноябрларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

17-18-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

19-ноябрда жана 20-ноябрда түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 20-ноябрда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-ноябрларда күндүз жана 19-20-ноябрларда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

17-ноябрда жана 18-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

18-ноябрда күндүз кээ бир райондордо, 19-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

20-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

20-ноябрда күндүз жана 21-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 18-ноябрда күндүз жана 19-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий