• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

21-ноябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.11.22. /Кабар/. Эртең, 21-ноябрда Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр жаап, тоолуу аймактарда карга айланат.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 6…11, Таласта түнкүсүн -2…+3, күндүз 4…9, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…2, күндүз 2…7, Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-абад жана Баткен облустарында абанын табы түнкүсүн 0…5, күндүз 7…12 градуска жетет.

Бишкекте түнкүсүн жана күндүз түштөн кийин жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүз 8…10 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий