• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

21-октябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.10.19. /Кабар/. Эртең, 21-октябрда Кыргызстандын айрым райондорунда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 12…17 градус, Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 12…17 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15, Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 11…16 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20 градуска жетет.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында түнкүсүн жамгыр жаабайт, эртең менен жана күндүз жаан-чачын жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 4…6 градус, күндүз 14…16 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий