• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

21-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Эртең, 21-сентябрда олкө аймагында түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо жайгашкан жайлоордо жаан карга өтөт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 16...21,

Талас облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18,

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 14...19,

Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19 градус.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында эртең менен жана күндүз маал-маалы менен жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 18…20 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий