• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

21 жашка чыккан өлкөнүн жараны жогорку мыйзам чыгаруу органына депутат боло алат - вице-премьер-министр

Өкмөт 0

Бишкек, 22.11.18. /Кабар/. «Жаштардын жана балдардын демилгелерине колдоо көрсөтүү үчүн зарыл шарттарды түзүү жетекчилерди баалоонун критерийлеринин бири». Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова шаар мэрлеринин «Балдар менен жаштарга ыңгайлуу шаар» форумунун жүрүшүндө билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, 2018-2020-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын Концепциясынын негизинде аймактарда билим берүү, саламаттык сактоо, балдарды коргоо, спорт тармагындагы программалары дагы ишке ашырылат.

«Ошондуктан бүгүнкү концепцияны «Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу

шаарлар» долбоорун биз балдардын жана жаштардын демилгелерин колдоо программасы катары карасак болот. Бул демилгени Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында, ошондой эле жогоруда аталган Концепциянын алкагындагы «Өнүгүү түйүндөрүнө» кирген шаарлар арасында ишке ашыруу абдан маанилүү болуп саналат » –деп билдирди Алтынай Өмүрбекова.

Форумдун жүрүшүндө «Балдар менен жаштарга ыңгайлуу шаар» сынагы жарыяланды. Сынактын максаты конкурстун максаты шаардын балдарга жана жаштарга ар тараптан камкордук көрүүгө жардам бергенге багытталган.

Аталган демилге балдардын жана жаштардын кызыкчылыктарына байланышкан маселелер боюнча жергиликтүү бийлик тарабынан чечимдерди кабыл алуу процессине өспүрүмдөрдүн жана жаштардын милдеттүү катышусун көздөйт. Сынактын байге фонду эл аралык жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен 6 миллион сомду түздү.

«Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык 21 жашка чыккан өлкөнүн жараны жогорку мыйзам чыгаруу органына депутат боло алат. Бул норма жаштарды депутат болууга, мыйзам жазууга жана кабыл алууга түрткү берет. Алар ушуга даяр болуш үчүн биз бардык шарттарды түзүш керек. Буга билим берүү түзүмүндө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, бардык коомчулукта комплекстүү иш жүргүзүү талап кылынат. Биз мектеп парламенттерин өнүктүрүү жана жаштардын демилгелерин колдоо үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүшүбүз керек» - деп сөзүн жыйынтыктады Алтынай Өмүрбекова.

Өз кезегинде вице-премьер-министр форумдун катышуучуларын Өкмөттүн демилгесин колдоо алууга жана аталган сынакка активдүү катышууга чакырды.

Эске салсак, иш чарага республикадагы шаарлардын мэрлери жана мэрия кызматкерлери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн орун басарлары, эл аралык жана донор коомчулугунун, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана аймактардан келген жаштар катышты.

Пикир

Оставить комментарий